Орусиялык рэпер Тиматинин Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров менен биргеликте тез татым тамактарын даярдап жаткандагы сүрөт, видеолору интернетке жайгаштырылган. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, ырчы менен президент биргеликте Грозный шаарында ресторан ачышкан.
Ресторандын ачылыш аземине миңдей тургун келип, аларга тез татымдар акысыз таратылган.
"Биз 500дөн ашык бургер даярдап койдук, кечке чейин 1000ге жеткиребиз деген үмүт бар. Мунун баары биздин ресторанга келген коноктор, шаардык тургундар үчүн. Рамзан Кадыров колуна мээлей кийди, демек, ал сиздер үчүн эң даамдуу жана ширелүү бургерлерди даярдап берет", - деп билдирген Тимати ачылыш аземдин алдында.
Ал эми Кадыров интернеттеги баракчасына алардын ресторанында тамак-аштан тышкары түрдүү балмуздак, шоколад бар экендигин, эң негизгиси адал тамактар деп жазган.