Сочиде өтө турган Бүткүл дүйнөлүк жаштардын жана студенттердин фестивалына катыша турган Акжол Медербековго каржылык жактан америкалык ырчы Ники Минаж жардам көрсөтөт. Бул тууралуу студенттин мугалими интернетке жазган.
Студент ырчыга болгону интернет аркылуу эле жазып, Сочиге барууга керектелүүчү 350 доллар каражатты сураган.
"Ал өзүнүн фандарын аябай жакшы көрөт. Андыктан мен жардам сурап жатканда баш тартат деп такыр ойлогон жокмун. Белгилүү саясатчылар, БУУнун эксперттери чыгармачыл адамдар менен биргеликте учурда фестивалга даярдык жүрүп жатат. Фестивалга дүйнөгө белгилүү саясатчылардан тышкары оратор Ник Вуйчич, Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергдин катышуусу күтүлүүдө", - деген Медербеков.
"Байлыгы 100 миллион долларды түзгөн боорукер жана бай аялдан акча сураганымда сумманын аздыгы аны таң калтырды. "Макул мен сага жардам берем, бирок бир нерсени билип алайын, сага 350 доллар керекпи же 350 миң долларбы?" - деп сурады. Мен Only $360 деп жаздым", - деген Акжол.
Бүткүл дүйнөлүк жаштардын жана студенттердин XIX фестивалы 14-октябрдан 22-октябрга чейин өтөт. Ага 150 өлкөдөн 20 миңдей жаштар катышат.