Түркмөнстандын Ашхабад шаарында жабык имараттагы V Азия оюндары өтүп жатат. Бүгүн, 21-сентябрда 5 Кыргыз балбаны казак күрөшү боюнча килем үстүнө чыгып, медаль үчүн күч сынашат.
90 килограммга чейинки салмак ченинде: (1/8)
Чыңгыз Чалабаев (Кыргыз өлкөсү) - Гийоссидин Рачабзода (Тажикстан)
70 килограммга чейинки салмак ченинде: (1/8)
Арген Туратбек уулу (Кыргыз өлкөсү) - Камар Аббас (Пакистан)
Айдарбек Айтиев (Кыргыз өлкөсү) - Ангана Жозеф (Филипин)
90 килограммдан жогору салмак ченинде: (финал)
Тилек Кувалов (Кыргыз өлкөсү) - Хесон Вечита (Индия)
70 килограммга чейинки салмак ченинде: (финал)
Мирлан Эралиев (Кыргыз өлкөсү) - Энхтайван Энхболд (Монголия)
Айта кетсек, азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында жалпы 27 медаль бар. Алардын ичинен экөө алтын, 9у күмүш, 16сы коло.