Кыргыз спортчуларынын стипендиялары 45 миң сомдон 75 миң сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Жогорку Кеңеште өкмөт тарабынан спортчулардын стипендиясын 45 миң сомдон 75 миң сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Жалпы эсеби менен эң алдынкы спортчулардын стипендиялары 45 миңден 75 миң сомго чейин болот. Андан тышкары улуттук спорт олимпиаданын спорттук түрү эместерге да стипендия карала баштайт", - деди Аманкулов.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ekaterinburg
2017-09-21 10:38:53
Которгуло!Башкалардан дагы спортчуларыбыз биздин эл-жерибизди таанытып атышат!Колдойм.
0
kyrgyz.kg83
2017-09-21 12:00:02
Еми шайлоо алдында бардык айлык акылар которулушу мумкун,аа шайлоодон кийинчи????
+2
ZHYRGAl1412
2017-09-21 22:31:25
Менимче айлыктарга салыштырмалуу 45000деле жаман эмес жететко деп ойлойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан