Украинанын ырчысын Түркиянын полициясы өтө жаш көрүнгөндүгү үчүн кармады

Украиналык ырчы Наталья Дзенькив Түркиянын аэропортунан паспортундагы жаш курагына келбети дал келбегендиги үчүн тартип сакчылары тарабынан кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.

Маалыматта жазылгандай, 41 жаштагы ырчы өзүнүн курагынан бир топ жаш көрүнөт.

Ырчы белгилегендей, бажы көзөмөл кызматкерлери анын курагына ишене албай, паспорту өзүнө тиешелүүбү деп сурашкан. Бул абал ырчынын маанайын чөктүргөн эмес, тескерисинче, көңүлүн көтөргөн.

"Мен келбетиме суктанып айтылган комплименттерге көнүп калгам. Бирок бул кайсы бир күнү тартип сакчыларынын кармашына себеп болот деп такыр ойлогон эмесмин", - деген Дзенькив.

Качан гана ырчыга күйөрмандары келип кол тамга сурашып, анын ырчы экенин жана ал ар дайым жаш көрүнгөнүн айтышканда полиция аны коё берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kg_emilbekov
2017-09-21 10:51:11
тоба
0
zojolu
2017-09-21 10:53:21
Жакшы
0
Batma08
2017-09-21 11:01:42
Жаш корунот экен
+5
Jazdyn_tany
2017-09-21 12:14:53
18 жаштагыдай го
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан