Кыргыз театр жана киноискусствосуна көөнөргүс салым кошкон Кыргыз Републикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова бүгүн, 21-сентябрда 79 жашка толду. Өмүрүн бүтүндөй өнөргө арнаган актриса атасынын алтынчы аялынын тун кызы экендигин "Супер-Инфого" берген маектеринин биринде айтып берген.
Жамал Сейдакматова Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган. Москвадагы полиграф институтунун 3-курсун бүтүрүп, 1959-жылы Кыргыз академиялык драма театрына артист болуп кирген. Театрда иштеген 30 жылдык өмүрүндө чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Шамшиев, Океев, Базаров, Убукеев тарткан кинофильмдерде ролдорду аткарган.
1990-жылы "Туңгуч" жаштар театрын ачкан. Жамал Сейдакматова Мамлекеттик Токтогул атындагы, эл аралык "Руханият", Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгы болгон "Алтын дипломду" жеңип алган. Египет, Колумбия, Германияда өткөн эл аралык фестивалдарга катышкан. Бүткүл дүйнөдөгү түрк тилиндеги өлкөлөрдүн Башкортостанда өткөн эл аралык фестивалында Гран-прини жеңип алган.
Ал бүгүнкү күндө да талыкпай эмгектенип, театр жана кино тармагында топтогон тажрыйбасын жаштарга үйрөтүп келе жатат.
21-сентябрга карата жылнаама.