Бүгүн, 21-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн майрамдык иш-чарада "Мамлекеттик тилде иш жүргүзгөн мыкты мекеме, мыкты адис" сынактарынын жеңүүчүлөрү баалуу белектер жана Ардак грамоталар менен сыйланды.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы кыргыз тилин өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулган.
Майрамдык салтанатка Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын, Бишкек шаардык мэриясынын, Билим берүү жана илим министрлигинин, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү жана мекеме-уюмдардын мамлекеттик тил боюнча адистери катышты.
Улуттук тил комиссиясынын төрагасынын орун басары Аким Медербек уулу кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн шаардагы мекеме кызматкерлерине төш белгилерди ыйгарды.
"Кыргыз тил" коомунун президенти Раимжан Курбанов өз сөзүндө кыргыз тили - бул элибиздин көөнөрбөс мурасы экенин белгилеп: "Кыргыз тили азыркы тапта өнүгүү жолунда, жылдан жылга тил майрамына карата уюштурулган иш-чаралардын саны көбөйүп жатканы бизди кубандырат. Быйыл тил күнү Кыргыз өлкөсүндө гана эмес алыскы Корея жана коңшу мамлекеттерде да уюштурулуп жатат", - деди.
Майрамдык иш-чара концерт менен коштолду.
Өлкөдө Мамлекеттик тил күнү жыл сайын 23-сентябрда белгиленип келет. Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында "Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзамын кабыл алган. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик макам алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган.