Жабык имараттагы Азия оюндары: Кыргыз өлкөсү командалык эсепте 12-орунда келе жатат

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-сентябрда башталган жабык имараттагы V Азия оюндары уланууда. Ага Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 153 спортчу катышып жатат. Алар спорттун ар кайсы түрлөрүнөн өзүлөрүнүн чеберчилигин көргөзүп, өлкө намысын коргоодо. Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 27 медаль ( 2 алтын, 9 күмүш жана 16 коло) бар.

Ал эми жалпы командалык эсепте Түркмөнстан 128 медалы (54 алтын, 37 күмүш, 37 коло) менен биринчи орунда, Иран 39 медалы менен (10 алтын, 6 күмүш жана 23 коло) менен экинчи орунда, Өзбекстан 57 медалы (7 алтын, 8 күмүш жана 15 коло) менен үчүнчү орунда келе жатат.

Айта кетсек, Кыргыз жеринен барган Абдурахманжи Муртазалиев (жиу-житсу) жана Тынчтыкбек уулу Бекзат (бел боо күрөш) алтын медаль алышты.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
luuntik
2017-09-21 16:06:41
Туркмонстан эле алып койгонго алтындын баарын
0
Derzki_kyrgyz
2017-09-21 17:44:42
Кочмондор оюнундагыдай да))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан