Орусиянын Москва шаарында кармалган мигранттардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жогу такталууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
"Алдын ала маалымат боюнча кармалгандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Биздин кызматкерлер расмий органдардан тактап жатышат" , - деди Байымбетова.
Айта кетсек, бүгүн орусиялык бир катар маалымат агенттиктери күч органдарына шилтеме берүү менен Москва шаарында соода борборунун жанындагы мушташтан соң ондогон мигранттар кармалганын жазып чыгышты. Анда окуя 20-сентябрь күнү кечинде Тихорецк бульварындагы соода борборлорунун биринде болгону жана күзөт кызматкерлери жүк ташып иштеген тажик жаранын сабап салышканы айтылат.
Мындан улам соода борборунун жанына 100гө жакын мигранттар чогулуп, күзөт кызматкерлерин жазага тартууну талап кылышкан. Бирок ортодо түшүнбөстүк чыгып, эки ортодо мушташ чыккан. Аны полиция кызматкерлери келип токтотушкан. Алдын ала маалымат боюнча, 50дөй мигрант кармалган.