ЖЫЛНААМА, 21-СЕНТЯБРЬ: 12 жыл мурун Баяман Эркинбаев атып өлтүрүлгөн

Мындан 12 жыл мурун, 2005-жылдын 21-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев киши колдуу болуп каза болгон. Түнкү саат 10:00 чамасында үйүнө кайтып келе жаткан маалда белгисиз адам "Макаров" тапанчасы менен атып качып кеткен. Оор жаракат алган депутат ооруканага жетпей жан берген.

Айта кетсек, Баяман Эркинбаев 1967-жылдын 17-март күнү Сузак районунун Кара-Дарыя айылында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктагандан кийин Ташкент шаарындагы токой чарба институтуна тапшырып, 1991-жылы бүтүргөн. Спорттук карьерасын ошол жерде ийгиликтүү улантып, эл аралык мелдештерге катышып бир кыйла такшалып, акырында "Баяман-Палван" деген атка да ээ болгон.

Эмгек жолун 1991-жылы "Жаңарык" тамеки ферменттөөчү ишканасында тамекичи болуп иштөө менен баштаган. 1992-жылдан тартып Ош шаарындагы "Палван" кайрымдуулук фондунун башкы директору, 1996-жылдан тартып Ош облустук "Күрөш" федерациясынын, кыргыз-германиялык "Юнион" биргелешкен ишканасынын президенти болуп эмгектенген.

Баяман Эркинбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1995, 2000, 2005-жылдардагы чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
21-сентябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
APCEH
2017-09-21 16:29:35
Эхх. бакиев бакиев кандай адамдарды жок кылып кеттин.
+8
aerforce
2017-09-21 16:31:50
12 жыл мурун менин чон атам дуйнодон откон экен бир кун болчу чон атам откондо Баяманды атып кетти дешкен жаткан жерлери жайлуу болсун ошолордун билип билбей кылган куноолорун кудайым озун кечиргин
+5
Naiman39
2017-09-21 19:48:28
Super.kg ушундай адамдар жонундода кичинерээк болсода видео материал жасасанар каяктагы шоу бизнестин 4адамын таап алып кечке ошолор жонундо жазабербей
+6
admin_superstan
2017-09-22 11:02:45
Naiman39, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
umar_official
2017-09-22 00:20:04
Баяман,Рысбек,Раатбек,Алманбет булар түштүктүн чыгаандары болчу.аттиң баары жок болду
+1
Shekeev969798
2017-09-22 01:03:03
umar_official,Рысбек Колдон болот
+1
tttalant
2017-09-22 08:34:59
Жердешимго кунолорун озун кечиргин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан