Кыргыз боз үйү Катардагы эл аралык көргөзмөдө көпчүлүктүн кызыгуусун арттырууда

Кыргыздын боз үйлөрү Катарда бүркүт жана куш салуу боюнча өтүп жаткан Биринчи эл аралык көргөзмөдө негизги экспонат катары каралууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 21-сентябрда кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Доха шаарында өтүп жаткан көргөзмө "Катара" маданий борбору жана куш салууну сүйгөндөрдүн "Аль-Ганнас" ассоциациясы тарабынан уюшулган.

Көргөзмөнүн негизги максаты - куш салууну даңазалоо, ага керектүү буюмдарды, аспаптарды көрсөтүү, жаңы технологияны жана жабдыктарды жайылтуу. Анда унаалардан тартып атайын жабдыктардан бери коюлган.

Иш-чарага Катар, Кувейт, Пакистан, Германия, Испания жана башка бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда. Кыргыз мамлекети конок катары катышып, атайын ушул иш-чара үчүн улуттук жасалгалары менен жеткирилген боз үйү тигилген.

"Боз үй кыргыздын тарыхын, маданиятын, салтын, туристтерди тосуп алуу мүмкүнчүлүктөрүн араб өлкөлөрүнө жайылтуу, тааныштыруу максатында тигилди. Боз үйгө келген конокторду улуттук кийим кийген мекендештерибиз боорсок, бал менен комуз, ооз комуз, чопо чоордун коштоосунда тосуп алууда. Мындан тышкары көргөзмөгө келгендер кыргыз жаачыларынын өнөрүнө күбө болуп Кыргыз жери жөнүндө даярдалган фильмди араб тилинде көрүшүүдө. Көргөзмөнүн алгачкы күнүндө эле боз үйдүн жасалгасына кызыгып, киргендердин саны жүздөп саналды. Бул иш-чара 24-сентябрга чейин улантылат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
luuntik
2017-09-21 17:07:32
Аии кандай гана керемет
+1
aerforce
2017-09-21 17:26:16
Кыргыз боз үйү өтө жакшы бирок ушул Катарларды жолотпой эле койгулачы биртке акчасына алданып Терористердин баары көбөйүп жатат Катар менен жолуксанар эле бир бале чыкчу эле
0
Hadyja
2017-09-21 17:37:05
Террористтер алардын айынан кобойгон жок.Биздин депутат,министрлерге караганда,Катар мамлекетинин Ассанабиль фонду мектеп,фаптарды куруп берип атат.Терроризмдин айынан бизде коп киши олгон жок,жолдордун,начар ооруканалардын айынан кобуроок кыргыз оо дуйного кетип атат.
Боз уйубуз сонун корунот экен.Жакты,жакшы да жанылык экен.Арабтардын да ак кийгени жагат.Козго жакшы корунот.
+2
Hadyja
2017-09-21 17:39:55
Бироо суйлосо эле ишене бербей,ар бир адамда акыл болгондон кийин ойлонуш керек.Катар жакшы мамлекет,кайрымдуулукту бизге жакшы эле кылып келе атат.
Жакшылыктарын жаманга чыгарып,аларды жаман деген туура эмес.
+1
grace
2017-09-21 18:31:25
Боз үй кандай керемет!
0
kechirmeni
2017-09-22 08:43:50
Шейхтердин оозу Ошту карап калыптыр да тан калышып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан