Чүй облусунун Панфилов районунда 17 жаштагы Элдияр Калыгулов изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Элдияр Калыгулов ушул жылдын 18-сентябрь күнү саат 18:30 чамасында Кайыңды шаарчасындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
"Элдияр ошол күнү кара свитер, кара түстөгү спорттук шым, бутуна кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн. Бою 160-165 сантиметр, орточо дене түзүлүштө. Эгер аны көрүп-билгендер болсо, 0 (312) 43-01-27; 0 (312) 43-88-85; 0 (550) 88-87-24; 0 (701) 50-27-03 номурларына чалып, кабарласа болот", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.