Чүй облусунун Москва районунда "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алган" деп шектелген жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1972-жылы Өзгөн районунда туулган Эргеш Жумаев Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) боюнча айыпталып, изделип жатат.
"Ал буга чейин Москва районунун Беловодское айылында жашап келген. Эгер ал адам тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор 0 (312) 43-01-27; 0 (312) 43-88-85; 0 (550) 22-17-17; 0 (701) 15-85-81; 0 (701) 15-85-43 номурларына чалып, кабарлап койсоңуздар", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.