ЖЫЛНААМА, 21-СЕНТЯБРЬ: 96 жыл мурун Германиядагы химиялык заводдо жарылуу болуп, 500дөн ашык адамдын өмүрүн алган

Мындан 96 жыл мурун, 1921-жылдын 21-сентябрь күнү Германиянын Оппау шаарындагы химиялык заводдо жарылуу болгон. Анын кесепетинен 561 киши каза таап, көптөгөн адамдар күйүк алышкан. Жарылуунун натыйжасында шаарда болгон миңдей имараттын 800ү талкаланып, 7500 киши үй-жайсыз калган. Ошондой эле шаарга жакын станцияларда турган поезддер рельстен чыгып кеткен. Жарылуудан пайда болгон күчтүү өрт бир нече күндөн кийин гана өчүрүлгөн.

Кырсыктын келип чыгышына сульфат жана аммоний нитратын майдалоо үчүн колдонулуучу жардыруучу заттын кокусунан жарылып кетиши себеп болгон.

Заводдо анилиндүү боёктор, жер семирткичтер, жардыруучу заттын бөлүктөрү жана ууландыруучу фосген газы өндүрүлчү.

21-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан