Бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан "Эмен" паркында Орто Азиядагы көчө театрларынын эл аралык фестивалы башталды.
Фестиваль 4 күнгө созулуп, анын алкагында көптөгөн оюн-зооктор, мастер-класстар жана сынактар уюштурулат. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн колунан жасалган буюмдардын көргөзмөсү менен коштолот. Төрт күн бою Орусия, Казакстан жана Тажикстандан келген коноктор өздөрүнүн маданиятын элге тартуулашат.
Бул маданий иш-чаранын негизги максаты - Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна жакшы маанай тартуулап, көчө искусствосу менен жакындан тааныштыруу. Уюштуруучулардын айтымында, бул фестиваль көптөгөн улуттардын башын бириктирип аларды толеранттуулукка тарбиялайт. Адамга руханий жактан азык берип, маданий эс алууга өбөлгө түзөт.
Фестивалдын ачылышында көрүүчүлөр көчө театрынын оюнуна гана күбө болбостон өздөрү да катышууга мүмкүнчүлүк алышты.