Бишкек шаарынын "Жеңиш" аянтында гүлдөрдүн көргөзмө-жарманкеси өтүүдө. Анда гүл сүйүүчүлөрүнө бөлмөгө көрк берген гүлдөрдөн тышкары, бакча гүлдөрү, короонун кооздугу үчүн өстүрүлгөн гүлдөр да сунушталган.
Жарманкеге келгендерге гүлдү кантип өстүрүү керек, ал үчүн атайын каражаттар, анын топурагы кандай болушу керек деген суроолорго андагы адистер жооп берүүдө. Көргөзмөгө гүл сатып алуу үчүн гана эмес бул багытта кеңеш алуу үчүн келгендердин да саны көп.
Жарманкеге гүл өстүрүү жана ландшафттык дизайн боюнча түрдүү сынактардын жеңүүчүлөрү өз эмгектерин алып келишкен. Көргөзмө бир айга чейин уланат.