Мындан 24 жыл мурун, 1993-жылдын 22-сентябрь күнү АКШнын Алабама штатында жүргүнчү ташуучу поезд көпүрөдөн Мобил дарыясына кулап түшкөн. Анын кесепетинен 47 адам көз жумган. Алардын көпчүлүгү сууга чөгүп кетишкен. Поезддин ичинде жалпы 220 адам болгон. Саатына 116 чакырым ылдамдыкта келе жаткан поезд көпүрөнүн инженердик курулушун сүзгөн. Кырсыктын келип чыгышына коюу туман себеп болгону айтылат.
22-сентябрга карата жылнаама.