Жеймс Кэмерон менен Тим Миллер "Терминатор" фантастикалык тасмасын улантууну пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Анда маалымдалгандай, андагы Сара Коннордун ролун кайрадан Линда Хэмилтон аткарат. Ал 1984-жылы чыккан "Терминатор", 1991-жылы "Терминатор 2: Судный день" деп аталган бөлүктөрүнө да тартылган.
Мындан тышкары терминатордун ролун кайрадан эле Арнольд Шварценеггер ойнойт.
Тасманын 3-бөлүгү «Терминатор 3: Восстание машин» 2003-жылы жарыкка чыгып, ага Жонатан Мостоу режиссёрлук кылган. Терминатордун ролунда Арнольд Шварценеггер ойногон.
Фантастикалык тасма 2009-жылы кайрадан улантылып, 4-бөлүгү «Терминатор: Да придёт спаситель» деген аталышта чыккан. Режиссёру МакДжи башкы ролдорго Кристиан Бейл, Сэм Уортингтон, Антон Ельчин, Хелена Бонэм Картерди тарткан.
5-бөлүгү - «Терминатор: Генезис» 2015-жылы экранга чыккан. Режиссёру Алан Тейлор бул бөлүктө кайрадан Шварценеггер менен иштешкен. Аталган фантастикалык тасманын ар бир чыгарылган бөлүгү авторлорго ири киреше алып келет. Анын серияларынан түшкөн каражат 1 миллиард 400 миллион долларга жеткен.