Депутат Салянованын сотунда тарапташтары көп келгендиктен сот кошумча отургучтарды алдырып келүүгө мажбур болду

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралып, жарыш сөз жүрмөк. Бирок отурум башталарда адам көп келгендиктен сот залына батпай калды. Натыйжада Салянованын жактоочулары менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кайым айтышуу орун алып, сот сырттан отургучтарды алып киргиздирүүгө мажбур болду.

Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

Салянованын сотундагы ызы-чуу (22.09.17)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан