Орусияда Өзбекстандын жараны жасалма Кыргыз паспорту менен кармалды. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары прокуратурага шилтеме берүү менен жазышты.
Маалыматка караганда, 39 жаштагы Өзбекстандын жараны жасалма Кыргыз паспорту (ID-карта) менен Орусиянын аймагына мыйзамсыз кирген. Ал полиция кызматкерлерине Кыргыз өлкөсүндө бардыгында ушундай паспорт бар экенин айткан.