Бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралып, жарыш сөз жүрүүдө. Алгач жарыш сөздү баштаган коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова Салянованын ишинде саясий боёк бар экенин, “Белизгейт” сыяктуу саясий иш экенин айтты.
Сот аны ишке тиешеси жок нерселерди айтпоону талап кылып, андан сырткары коомдук жактоочунун жактоочулук лицензиясы бар же жок экенине кызыкты. Жактоочу ага лицензиясы бар экенин, айткан сөздөрүнүн ишке тиешеси бар экенин айтты. Буга аралашкан Салянова “Белизгейт” аталган иштин бир бөлүгү экенин айтты. Натыйжада Салянованын жактоочусу жана тарапташтары талкууга аралашып, кайым айтышуу орун алды. Аягында сот коомдук жактоочуга сөзүн улантууга мүмкүнчүлүк берди.
Кийин Салянова жана жактоочусу Чынара Жакупбекова коомдук жактоочу жарыш сөздү сүйлөп жатканына бир сааттан ашык убакыт өткөнүн айтышып, ортодо эс алуу жарыялоосун сурашты. Коомдук жактоочу өзү да тынбай бир сааттан ашык сүйлөгөндүктөн тамагы кургап калгандыгын айтты. Бирок ага сот макул эместигин билдирип, эгер коомдук жактоочу сөзүн уланта албаса кийинки бөлүккө өтө берүү керектигин билдирди. Коомдук жактоочу сөзү бүтө электигин айтып, жарыш сөздү улантууга мажбур болду.