Казакстанга иш издеп бараткан Кыргыз жараны чек арадан башка адамдын паспорту менен кармалды

Кыргыз-Казак чек арасында "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунан башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет кылган Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Мамлекеттик Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунан Казакстанга башка адамдын паспорту менен өтүүгө аракет жасаган 1991-жылы туулган А.И. аттуу тургун кармалган.

"Кармалган адамдын айтымында, ал өзүнүн паспортун жоготуп алып, досунун паспорту менен чек арадан өтүү аракетин көргөн. Ал Казакстанга иш издеп бара жатканын айткан. Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган тургун милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-09-22 13:29:39
Досуна куйуп койгондой окшош болсон да эмне болуптур коркпостон кантип барды..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан