Стамбулдагы "Ататүрк" аэропорту жеке менчик учак кулагандыгына байланыштуу жабылды

"Стамбулда жеке менчик учак кулады. Буга байланыштуу "Ататүрк" аэропорту жабылды" деп жазат РКБ басылмасы түркиялык маалымат каражаттарына таянуу менен.

Маалыматта жазылгандай, учак жерге конор алдында кырсыкка учурап, андан кийин күйө баштаган. Кырсыктан төрт адам жабыркаган. Кулаган Citation VII (TC-KON) учагына 8 жүргүнчү батат.

Окуя кечээ, 21-сентябрда кечинде болгон.

"Кырсыкка кабылган учак "Ататүрк" аэропортунан Кипрдеги "Эрджан" аэропортуна жол тарткан. Бирок көп убакыт өтпөй экипаж айрым мүчүлүштүктөргө байланыштуу кайра келип конууну суранган. Ал конор алдында конуу тилкесинен чыгып кетип, өрттөнө баштаган", - деп жазылат маалыматта.

Стамбулдагы аэропорт учак кулагандыктан жабылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lekarstvosvoegomuja
2017-09-22 12:13:09
Кечоо новостиден коргом
+2
mratbashy
2017-09-22 12:24:21
Кокчен ызы чуу болуп аткан экен да бугун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан