Бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралып жатат. Эртең менен башталган жарыш сөз түштөн кийин улантылары айтылган эле.
Отурум кайрадан улантылганда Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова даяр эместигин, коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова жарыш сөздү уланта тургандыгын айтты.
Сот Жакупбекованын даяр эместигин протоколго киргизип, Салянованын жарыш сөздү улантышы керектигин айтты. Бирок Салянова менен жактоочу Жакупбекова коомдук жактоочунун жарыш сөздү улантуусун талап кылышты.
Аягында талаш-тартыш менен сот коомдук жактоочуга жарыш сөздү улантууга мүмкүнчүлүк берди. Бирок сот коомдук жактоочу Рабига Сыдыковага сот менен айтышкандыгы үчүн эскертүү берип, кийинки жолу отурумдан чыгарып жибере тургандыгын айтты.