Салянованын сотунда прокурор жактоочу ишке тиешеси жок сүйлөп жатат деп отурумдан чыгарууну талап кылды

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралып, жарыш сөз жүрүүдө. Учурда Салянованын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова жарыш сөздү сүйлөп жатат.

Ал бул отурум саясий боёктор менен жүрүп жатканын айтып, сотто жактоочуларга ар бир мүнөттө күрөшүүгө туура келүүдө деп билдирди. Бул учурда прокурор анын ишке тиешеси жок сүйлөп жатканын айтып, сөзүн токтотуп отурумдан чыгарууну талап кылды.

“Жактоочу бул жерде кылмыш иши тууралуу эмес, башка нерселер жөнүндө сүйлөп жатат. Андан сырткары төрагалык кылып жаткан сизге көңүл бурбастан отурумга катышып жаткандарга кайрылуу кылып жатат. Ал нерсени көчөдө да кылса болмок. Жактоочунун сөзүн токтотуп, отурумдан чыгарууну өтүнөм”, - деди прокурор.

Аталган ишке акыйкатчы Кубат Оторбаев да аралашып катышуучуларды сабырдуулукка чакырып, отурумду улантууну соттон өтүндү. Сот акыйкатчынын суранычын канааттандырып, жактоочунун сөзүн улантууга уруксат берди.

Кайрадан жарыш сөзүн уланткан Рабига Сыдыкова сот анын сөзүн кайра-кайра бөлүп жолтоо болуп жатканын айтып, ага ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Сот ага көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүк боюнча тараптардын пикирин сурады. Айыптоочу тарап коомдук жактоочунун пикирин туура эмес дешсе, Салянова жана анын жактоочулары сотко болгон ишенбөөчүлүктү колдой тургандыктарын билдиришти. Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип-чыгып, ага көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүктү четке кагып, канааттандырган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
General.kg
2017-09-22 14:52:19
Ой Аида абжеоов "Аттан түшсөңүз да эрден түшпөдүңүзда))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан