Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз балбаны Анара Рыскулова алыш күрөшү боюнча коло медаль үчүн күч сынашат.
Кыз-келиндер арасындагы 55 килограммга чейинки салмакта Анара Рыскулова жарым финалда өзүнүн түркмөнстандык атаандашына жеңилип калды. Түркмөнстандык балбанга 3 упай айырмачылыгында утулуп калган Анара эми коло медаль үчүн күрөшөт.
Белгилүү болгондой, буга чейин Анара жабык имараттагы V Азия оюндарында эркин күрөш боюнча коло медалдын ээси болгон.