Өзгөн районунда социалдык фонддун кызматкерлеринин эмгек акысына чегерилген кошумча жана сый акы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жогорудагы факт боюнча Ош облустук прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316-беренеси (шалаакылык) боюнча кылмыш ишин козгогон.
"Өзгөн районундагы Социалдык фонд башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары 2014-жылдан 2017-жылга чейин камсыздандыруу төгүмүн чогултуу боюнча жылдык, кварталдык пландарды аткарбастан аталган башкармалыктын кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча жана сый акы чегеришкен. Анын кесепетинен мамлекетке 1 миллион 677 миң сом зыян келтирилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп жазылат прокуратуранын маалыматында.