Баткенде оор жүк ташуучу унаа толугу менен күйүп кетти, айдоочу ооруканада

Баткенде оор жүк ташуучу унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 21-сентябрь күнү кечинде Лейлек районунун Ак-Терек айылында болгон.
"Баткен-Исфана жолунун 219-чакырымында оор жүк ташуучу унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталууда. Айдоочусу Исфана шаарчасынын ооруканасына "Тез жардам" унаасы аркылуу жеткирилген", - деп билдиришти ӨКМдан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан