Түркмөнстандын Ашхабад шаарында жабык имараттагы V Азия оюндары өтүп жатат. Анын алкагында балбандарыбыз Анара Рыскулова жана Маданбек Шаршеналы уулу алыш күрөшү боюнча коло медаль жеңип алышты.
Анара Рыскулова алгач 55 килограммга чейинки салмакта түркмөнстандык атаандашына жеңилип калган. Ал эми коло медаль үчүн болгон күрөштө индиялык атаандашын утуп алды.
Маданбек Шаршеналы уулу болсо 70 килограммга чейинки салмак ченинде өлкө намысын коргоду.
Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 32 медаль бар алардын ичинен 2 алтын, 10 күмүш жана 20 коло медаль.