Бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда мурдагы Башкы прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралууда.
Отурумда коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова жарыш сөздү сүйлөөдө. Ал Аида Салянова юстиция министри болуп турганда Елисеевге лицензияны берүүдө эч кандай мыйзам бузуу болбогондугун, кылмыш иши туура эмес козголгондугун айтып жатканда сот анын сөзүн токтотуу чечимин чыгарды.
Ал өз чечимин жактоочу кылмыш ишине тиешеси жок сөздөрдү айтып жатат деген себеп менен байланыштырды. Анын чечимине Салянова жана жактоочусу Чынара Жакупбекова каршы чыгып, ортодо кайым айтышуу орун алды. Натыйжада бир нече убакытка созулган талашып-тартышуудан кийин сот коомдук жактоочуга сөзүн улантууга мүмкүнчүлүк берди.
Отурум жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу токтотулуп, 25-сентябрда саат 08:30да улана тургандыгы айтылды.
Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.