ЖЫЛНААМА, 22-СЕНТЯБРЬ: Мындан 18 жыл мурун эң алгачкы болуп "Оскардан" баш тарткан актёр Жорж Скотт каза болгон

"Оскар" сыйлыгынан эң алгачкы болуп баш тарткан америкалык актёр Жорж Скотт Виргиния штатында 1927-жылы 18-октябрда жарык дүйнөгө келген. 8 жашында апасынан айрылган Жоржду атасы жана эжеси тарбиялап чоңойтушкан. Окуучу кезинде Френсис Скотт Фицжералдын чыгармаларына таасирленген Жорж жазуучу болууну кыялданган жана ошол кезде эле бир нече аңгемелерди жазган.

Чыгармачылык жолу

Аскерде кызмат өтөп келген соң Миссури университетинин журналистика факультетине тапшырган. Бир жыл өткөн соң окуусун таштап актёрлук карьераны баштоону чечет. Эң биринчи атактуулук актёрго Нью-Йоркто өткөн Шекспир фестивалында келген. Актёр дүйнөгө "Паттон" киносунда аткарган ролу менен таанымал болгон. Ошол эле жылы ал эң мыкты актёр номинациясында "Оскар" сыйлыгын жеңип алган. Бирок кийин ал ошол сыйлыкка көрсөтүлгөн актёрлор менен атаандаштык жарата албай тургандыгын айтып статуэтканы кайра артка кайтарып берген. Азыркы учурда статуэтка Лексингтон шаарынын аскер институтунда сакталган. Мындан сырткары актёр "Балким, алар дөөлөр" жана "Бейтапкана" тасмаларында мыкты роль жаратып "Эмми" жана "Оскар" сыйлыктарына ээ болгон. Кино жаатында популярдуулукка жетип турса дагы актёр театрда ойноону таштаган эмес. Ал жактан да "Ваня байке" аттуу пьесадагы ролу үчүн "Тони" сыйлыгын 3 жолу жеңип алган.

Өмүрүнүн акыркы жылдары

Өмүрүнүн акыркы жылдарында актёр "Чуркап өткүч" тасмасына тартылган. Көп өтпөй ал кездеги жаңы чыгып келе жаткан Том Круз жана Шон Пенн менен биргеликте Гарольд Беккердин "Жай ал" драмасында роль жараткан. Ошондой эле актёр көптөгөн мультфильмдерде үн коштогон. Актёрдун эң акыркы жолу жараткан ролу болуп "Титаник" тасмасындагы капитан Эдвард Смиттин образы эсептелет. Жорж 1999-жылы 22-сентябрда оорудан улам 71 жашында көз жумган.

Жеке жашоосу

Актёр өмүрүндө төрт жолу үйлөнгөн. Биринчи жубайы Кэролин Хьюз менен 1951-жылы баш кошуп 1955-жылы ажырашып кетишкен. 1952-жылы Виктория аттуу кыздуу болушкан. Жорж төрт никесинен 5 баласы болгон 2 кызы жана 3 уулу.

22-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан