Ушул жылдын 14-сентябрь күнү Бишкектеги Кустанай жана Астрахань көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды таштоочу контейнерден ымыркайдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин жана Ленин РИИБинин кызматкерлери барышып, оперативдүү иштерди жүргүзүшкөн.
Анын жыйынтыгында, ымыркайдын өлүмүнө шектүү катары анын энеси бүгүн, 22-сентябрда кармалды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан SUPER.KG порталына тастыкташты.
Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, шектүү катары кармалган 30 жаштагы аялга карата Кылмыш-жаза кодексинин 100-беренеси "эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү" боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Шектүүнүн айтымында, үйүндө төрөп, анан ымыркайды өлтүрүп, кийип жүргөн халатына ороп ыргытып жиберген. Учурда эмне үчүн мындай кадамга барганы такталууда", - дешти Бишкек ШИИББинен.