Түркмөнстандын Ашхабад шаарында жабык имараттагы V Азия оюндары өтүп жатат. Анын алкагында алыш күрөшү боюнча финалдык оюнда балбан Нурбек Кожобеков жеңилип күмүш медаль тагынды.
Нурбек Кожобеков 90 килограмм салмакка чейинки ченде күч сынашып чейрек финалда түркмөнстандык атаандашын жеңсе, ал эми жарым финалда тажикистандык балбан менен бет келип аны жеңген. Бирок финалдык беттеште түркмөнстандык атаандашынан жеңилип күмүш медаль тагынды.
Азыркы тапта Кыргыз курама командасынын эсебинде жалпы 34 медаль бар. Алардын ичинен 3 алтын, 11 күмүш жана 20 коло медаль. Өлкөбүздүн курама командасы жалпы эсеп боюнча 14-орунда келе жатат.