Президенттик шайлоо учурунда "террордук актыларды уюштурууга аракет кылган" деп шектелген топ кармалды

Токмокто өлкө аймагында "террордук актыларды уюштурууга аракет кылган" деп шектелген топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Токмок шаарынын салафиттик джихаттык агымынын мүчөлөрү президенттик шайлоо учурунда өлкө аймагында коомдук саясий абалды курчутууга багытталган террордук актыларды уюштуруу аракети болуп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалыматтар келип түшкөн.

Анын негизинде 21-сентябрь күнү эртең менен Токмок шаарынын бир катар даректеринде УКМКнын кызматкерлери менен бирге тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүүнүн жүрүшүндө Токмок шаарындагы Чернышевский көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен уюлдук телефон, 900 АКШ доллары, 5 даана дептер, 11 даана ДВД, СД дисктер, 1 даана китепче, 5 даана китеп, 37 даана А4 баракчалар жазуулары менен жана РГД-5 үлгүсүндөгү граната алынган.

Ал эми Токмок шаарындагы Слободская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 12-калибрдеги ок атуучу курал, 18 даана ок-дары, 3 даана блокнот, 2 даана дептер, 19 даана китеп, 5 килограмм алюминий күкүмү, 10 килограмм марганцовка табылган.

Андан сырткары Токмок шаарындагы Чернышевский көчөсүнүн башка бир дарегинен тинтүү учурунда 5700 сом, 2 даана дептер жазуулары менен, 10 даана ДВД жана СД дисктер, 1 даана уюлдук телефон алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар ички иштер органдарында катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 299–беренсинин 2-бөлүгү (улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет жасоо) жана 241-беренесинин 1-бөлүгү менен (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган К.С., 1985-жылы туулган Б.З. (аял киши), 1977-жылы туулган И.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, аталган топтун мүчөлөрү колго жасалган жардыруучу зат жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен, коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында шайлоо учурунда бир катар террордук акцияларды уюштурууну даярдап жатышкан. Аталган кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KIPCHAK-KALMAK
2017-09-23 09:53:05
Пычагы жакты зор екен
-3
sirgak_92
2017-09-23 10:33:19
KIPCHAK-KALMAK,биринчиден кыргыз бол пычак эмес бычак болот.экиечиден булардын бычагы терорчунун бычагы
+1
Ayida
2017-09-23 12:03:26
Дисктери олуп кетсин кагаздары гаранатсы мн маргансовкасы жаман экен
0
Nibiru.
2017-09-24 14:47:50
Эми укук коргоочумун деген шумпайлар чыгыт.Кандай негизде террорчу деп кармады,бул террор дегенге жатпайт,далилсиз деп. деп.Алардын аттары белгилуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан