ЖЫЛНААМА, 23-СЕНТЯБРЬ: "Реал Мадрид" футболдук клубунда ойногон белгилүү ырчы Хулио Иглесиас 74 жашка толду

Латын америкалык эстрадалык музыканын атасы аталган, дүйнөгө атагы чыккан белгилүү ырчы Хулио Иглесиас сахна жылдызы Энрике Иглесиастын атасы экени көпчүлүккө белгилүү.

Күтүлбөгөн кырсык

Хулио Иглесиас 1943-жылы 23-сентябрда белгилүү дарыгердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. 16 жашынан баштап "Реал Мадрид" испан футбол клубунун курамында ойной баштаган. Мектепти аяктаган соң юрист болууну кыялданган ырчы 1963-жылы 22-сентябрда автокырсыкка кабылып, бейтапканада эки жылдан ашык жаткан. Колдору эч кандай жабыр тартпагандыктан дарыгерлер ага гитара ойноого уруксат беришет. Бейтапканада жаткан мезгилинде Хулио гитарада гана кол ойнотпостон ыр да жаза баштайт. Кийин университетти бүткөн соң англис тилин үйрөнүү үчүн Лондонго келет. Кийинчерээк "Real Academia de Bellas Artes de San Fernando" опера мектебинин опера (тенор) классын аяктайт.

Музыка дүйнөсүнө сапар

"Жашоо уланат" аталышындагы ыр Хулионун эң алгачкы жазган чыгармаларынын бири болгон. Көп өтпөй ал өзүн сахнада сынап, Бенидорм шаарында өткөн улуттук сынакка катышат. Сынакта эч ким тааныбаган жаш ырчы "Эң мыкты ыр", "Эң мыкты аткаруучу" жана "Эң мыкты текст" наамдарын жеңип алат.

1970-жылдардын эч бир ырчыга окшобогон ырчысы өз чыгармачылык жолун баштайт. Көрүүчүлөр Хулиодон башка ырчыларда жок токтоолукту жана романтикалуу образды көрө алышкан. Ырчы "Евровидение" сынагына катышып, 4-орунга ээ болгон. Анын "Gwendoline", "Un Canto a Galicia" ырлары улуттук хитке айланган. Мындан сырткары ырчы өзүнүн альбомунун 250 миллион көчүрмөсүн сатып "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. 2000-жылы ырчынын азыркы убактагы эң акыркы альбому жарык көргөн. Бул альбомдогу ырлардын дээрлик бардыгы өзүнө таандык. Музыка сынчыларынын айтуусунда: "Хулио жакшы кызыл шарап сымал, ал жыл өткөн сайын жакшы болууда", - деп өз баасын беришкен.

Жеке жашоосу

Хулио Иглесиас өмүрүндө эки жолу үй-бүлө курган. Биринчи жубайы Исабель Прейслер менен 8 жыл бирге өмүр сүрүп, 3 балалуу болушкан. Алардын эң кичүүсү Энрике эле. Жубайлар 1979-жылы ажырашып кетишкен.

2010-жылы ырчы Миранда Рейнсбургер менен 20 жыл жарандык никеде жашаган соң үйлөнгөн. Азыркы тапта 5 баланын бактылуу ата-энеси.

23-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
FIFA17
2017-09-23 15:36:49
Реал мадрид клубунан артистти да, лгбт сыда, симулянты да, и башкаларыда чыга берет тура).
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан