Мексикадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 293 адамга жетти. Бул тууралуу "Associated Press" агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, Мексиканын борбору Мехико шаарында 155 адам, Морелос штатында 73, Пуэбледе 45, Мехико штатында 13, Герреродо 6, Оахакада 1 адам каза болгон.
Буга чейин зилзаладан 248 адамдын каза тапканы маалымдалган.
Айта кетсек, 19-сентябрь күнү күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын кесепетинен 40тан ашык имарат кыйрап, 3,5 миллион адам электр жарыксыз калган.
Катуу жабыркаган кээ бир райондордо өзгөчө кырдаалдар абалы жарыяланган.