ФИФА жылдын мыкты футболчусу наамына ат салышып жаткан үч футболчунун атын жарыялады

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) жылдын мыкты футболчусу наамына ат салышып жаткан үч футболчунун атын атады. ФИФАнын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, үчтүккө "Реал" футбол клубунун чабуулчусу, португалиялык Криштиану Роналду, "Барселонанын" чабуулчусу аргентиналык Лионель Месси жана "ПСЖ" футбол клубунун чабуулчусу бразилиялык Неймар кирген.

Мыкты машыктыруучу наамына италиялык Массимиллиано Аллегри ("Ювентус", Италия), Антонио Конте ("Челси", Англия), жана Зинедин Зидан ("Реал", Испания) ат салышууда.

Ал эми мыкты дарбазачы наамына Жанлуижи Буффон ("Ювентус"), Кейлор Навас ("Реал"), Мануэль Нойердин ("Бавария") талапкерлиги коюлган.

Добуштардын 50 пайызы клубдук командалардын башкы машыктыруучуларынын жана команда капитанынын чечимине карата аныкталат. Ал эми калган 50 пайызы күйөрмандардын жана 200 журналисттен түзүлгөн атайын топтордун добушуна негизделет.

Сыйлык берүү салтанаты 23-октябрь күнү Лондондо өтөт.

Айта кетсек, өткөн жылы ФИФАнын версиясы боюнча Криштиану Роналду мыкты футболчу аталып, ошону менен ал төртүнчү жолу аталган наамды алган. Ал эми Лионель Месси 5 жолу мыкты футболчу аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
marselkalmurzaevkg
2017-09-23 12:53:46
Ранолду алаткооо
0
Edward.14
2017-09-23 13:25:27
Месси алса таң калбайм!
+5
Makkambaev97
2017-09-23 13:43:24
Криштиану Роналду
-1
Kanybek121195
2017-09-23 14:20:36
Зидан Роналду Буффон татыктуу.Нойерге 5 Ян Облакка 3 Буффонго 2 гол киргизди Роналду
0
Aruwka.89
2017-09-23 15:06:54
Буффон месси
+5
nemo2016
2017-09-23 15:11:00
Реалдын куйормандары коп окшойт футболду тушунсо тушунбосода минус баса беришет тан алыш керек чынында Месси дуйно жузу боюнча мыкты футболчу
-1
Azat.97
2017-09-23 15:50:10
nemo2016,Месси кайсы кубокту утканы учун алат?Биринчи ошол суроону берсен озуно.Чемпиондор лигасында дубль хет-трик покер ди ким кылды?
+1
FIFA17
2017-09-23 15:44:42
Зидан реалга келип күчтүү тренерлердин катарына кошула калганы адилетсиздик, ал пускай күчсүз клубка барып күчүн көрсөтсүн, мисалы Лестердин мурунку аплды утуп алган тренерине окшоп).
0
FCBMESSI
2017-09-23 16:27:10
Месси Зидан Буффон
+3
Lu4ano
2017-09-23 16:34:27
чын еле башкаларга берсе болмок мисалы Мбаппе Лемар Левандовский Дибала Сане Азар
-1
umar_official
2017-09-23 17:12:34
Месси алып кетет
0
ALMAAAN
2017-09-23 17:18:46
Неймарга бериш керек
+1
__jigit__17
2017-09-23 21:35:18
неймар деле татыктуу
0
Makkambaev97
2017-09-24 00:19:41
Бир гана Роналду татыктуу
0
Beku89
2017-09-24 07:31:22
Мен точно билем. Зидан мыкты тренер роналду мыкты футболист 2017. Ал эми дарбазачыны так айталбайм. Буффон аябай коп топ откоруп жатат акыркы убактарда. Навас дагы туруктуу ойной албайтат.
0
AKCAHAT
2017-09-24 14:24:32
Ушу 3нон башкасына кун тийбес болдуго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан