Эрежесиз уруш боюнча 22-сентябрда Лондондо өткөн эл аралык Phoenix 3 турниринде Антонина Шевченко жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн тай бокс федерациясынын президенти Елена Шевченко кабарлады.
Маалым болгондой, турнирдин алкагында тай бокс жана эрежесиз уруш боюнча беттештер өткөн. 61 килограмм салмак ченинде Антонина нидерланд спортчусу Анниса Хадау менен кез келген. Алар 5 мүнөттөн 3 раунд мушташып, калыстардын бирдиктүү чечими менен Антонина жеңүүчү деп аталган.
Белгилей кетсек, бул беттеш Антонинанын 12 жылдык тыныгуудан кийинки эр уруш боюнча биринчи беттеши. Ал тыныгууга чейин 5 беттеш өткөрүп, баарын жеңиш менен аяктаган.