Бишкекте жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-сентябрдан 23-сентябрга караган түнү саат 02:50 чамасында Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Батыштан чыгышты көздөй келе жаткан Мазда үлгүсүндөгү жеңил унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.
"Кырсык болгон жерге "Тез жардам" кызматы чакырылган. "Тез жардам" келгенче жаракат алган адам каза болгон. Каза болгон адам болжолдуу 45-50 жаш куракта. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.