Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарынын алкагында күрөштүн алыш түрү боюнча Нурзат Бактыяр кызы, Алтынай Мамарасул кызы, Эрланбек Мурзабеков, Эсенбек Кудайбердиев жана Асылбек Калматов финалдык беттеште алтын медаль үчүн күч сынашат.
Нурзат Бактыяр кызы 70 килограммга чейинки салмак ченинде чейрек финалда түркмөнстандык Саадат Исмурадованы жеңсе, жарым финалда индиялык атаандашын артка калтырган. Ал эми финалдык оюнда түркмөнстандык Рано Узакова менен беттешет.
Алтынай Мамарасул кызы 75 килограмм салмак ченинде өзүнүн индонезиялык жана түркмөнстандык атаандаштарын артка калтырып, финалда ирандык балбан менен алтын үчүн беттешмекчи.
Эрланбек 70 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшсө, Асылбек 100 килограммдан өйдө салмак ченинде күч сынашат. Ал эми Эсенбек 80 килограммга чейинки салмак ченинде түркмөнстандык балбан менен таймашат.
Кыргыз өлкөсү жалпы эсеп боюнча азыркы тапта 14-орунда келе жатат. Курама команданын эсебинде 3 алтын, 11 күмүш жана 21 коло медаль бар.