Бишкек шаарында рейд жүргүзүлүп, мас абалындагы 20 айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-сентябрдан 23-сентябрга караган түнү рейд жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн рейддин алкагында 280 административдик протокол толтурулган.
"Жол эрежесин бузуп, мас абалында унаа башкарган 20 айдоочу кармалды. Алардын бешөөсү аялдар. Спирт ичимдигин ичип, унаа башкаргандардын арасында 21 жаштагы айдоочу кыз кармалды. Ошондой эле 15 айдоочу унаанын тиешелүү документтери жок айдап жүргөн. 60 айдоочу жол белгилеринин талаптарын бузган. Мындан сырткары дагы бир нече эреже бузуулар катталган. Айып аянтына 36 унаа киргизилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.