Бүгүн Кыргыз өлкөсүнүн кубогу үчүн футболдук 2 команданын финалдык беттеши өтөт

Бүгүн, 23-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Дордой" жана "Алай" командалары Кыргыз өлкөсүнүн кубогу үчүн беттешет.

"Дордой" командасы аты аталган кубокту 8 ирет жеңген. 2016-жылы "Дордой" атаандашы "Алай" командасын Дэвид Тетте киргизген голу менен жеңип алган.

Ал эми "Алай" командасы бул кубокту бир гана жолу 2013-жылы утуп алган. Эгерде бүгүнкү беттеште "Дордой" командасы жеңишке жетсе, алар АФК-2018 Кубогунун квалификациялык оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк алат. Мындан сырткары жеңген команда 200 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болот.

Беттештин башталышында демөөрчүлөр тарабынан уюштурулган шоу-программа жана баалуу белектерди ойнотуу болот. Иш-чара саат 17:00дө башталат. Билет баасы 100 сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
FIFA17
2017-09-23 16:04:09
Д. Өмүрзаков Бишкекте беле? Эмнеге Ошто өткөрбөйт булар?
+1
kesha98
2017-09-23 16:07:17
FIFA17,nege oshtoo
0
FIFA17
2017-09-23 17:03:35
kesha98, Ошто да Өмүрзаков стадионунан өтсө өтөт, бирок кем калбаган чоң стадион барда, ошол жерде да өткөрсө болотко.
+1
Dembele84
2017-09-23 16:05:03
Алай Ош алгааа! Буюрса кубок да чемпионат да биздики!!!
+3
Das151193
2017-09-23 16:12:45
значит алдын Ала суйлошулгон. Дордой АФК жолдомо алып кетишет. Кийинки жылы Алайга уттуруп берет
+1
no.comment
2017-09-23 16:14:39
Das151193, ))
0
FCBMESSI
2017-09-23 16:16:27
Алай жыртатго дейм
+3
Azat.97
2017-09-23 16:26:50
Дордой Алай алгаааа!!!
-2
umar_official
2017-09-23 16:58:52
Алай вперёдь!!!победа ваша!!!
+2
FIFA17
2017-09-23 17:04:15
Алай давай громите).
+1
anash
2017-09-23 22:01:23
Penaltiden dordoi jendi
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан