Ош-Исфана унаа жолунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда SUPER.KG порталына Патрулдук милиция кызматынын Ош облусундагы басма сөз катчылыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 23-сентябрда таңга маал саат 05:00дөр чамасында болгон.
"Ош шаарынан Ноокат районуна бара жаткан Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаа кырсыкка кабылды. Айдоочу Кара-Суу районунун Нариман айылынын Б.С аттуу 30 жаштагы тургуну болгон. Ал рулду башкара албай жолдон чыгып дөңсөөнү сүзүп алган. Кырсыктын кесепетиненн айдоочу каза тапкан. Оодарылып кеткен унаада айдоочудан башка эч ким болгон эмес", - деп билдирди басма сөз кызматы.