Бишкектеги ботаникалык бак эл аралык фестивалдын алкагында чет элдик өнөрпоздордун жардамы менен кооздолууда

Бишкектеги ботаникалык бакта "Арт көчө - Бишкек, жашыл аймактарга - жаңы дем" аталыштагы эл аралык фестиваль өтүп жатат. Уюштуруучулар билдиргендей, фестивалга Орусия, Беларусь, Грузия, Украина, Молдова жана Америкадан келген сүрөтчүлөр, ландшафттык дизайн менен алектенген адистер катышууда. Алар шаардагы ботаникалык бактын аймагын көрктөндүрүүгө өз өнөрлөрүн колдонушууда.

"Фестивалдын чет элдик катышуучуларынын жардамы менен ботаникалык бактын аймагы мыкты эс алуучу жайга айланат", - деп билдирет уюштуруучулар.

Иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай мастер-класстар, сүрөтчүлөр менен жолугушуулар өтүүдө. Мындан сырткары ботаникалык бактын 3 жеринде түрдүү арт-объектилер жасалууда. Фестиваль 24-сентябрда жыйынтыкталат.

"Арт көчө" фестивалы жыл сайын өткөрүлөт. Анын негизги максаты шаарларда жайгашкан эс алуу жайларын искусствонун заманбап түрлөрүн колдонуу менен көрктөндүрүү жана жаратылышты коргоого чакыруу болуп эсептелет. Ал буга чейин Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп келсе, быйыл биринчи жолу Бишкек шаарында өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2017-09-25 10:24:44
Azatbek83, aibars, порталдын ишмердүүлүгүнө тиешелүү сын-пикирлер, сунуштар portal@super.kg дарегине жиберилиши керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан