Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы Азия оюндарында Бактияр кызы Нурзат, Мамарасул кызы Алтынай жана Эсенбек Кудайбердиев алыш күрөшү боюнча алтын медаль жеңип алышты.
Бактияр кызы Нурзат 70 килограммга чейинки салмак ченинде түркмөнстандык атаандашы Узакова Ранону жеңип алтын медаль тагынды. Ал эми Алтынай 75 килограммга чейинки салмак ченинде ирандык балбан менен кез келип, аны 3:1 эсебинде жеңип курама команданын капчыгын алтын медаль менен толуктады.
Ошондой эле Эсенбек Кудайбердиев 80 килограммга чейинки салмак ченинде өзүнүн Түркмөнстандын атаандашын 5:0 эсебинде жеңип, өлкө намысын коргоп алтын медаль тагынды.