"Дордой" командасы "Алай" командасын утуп, өлкө кубогун 9-ирет жеңип алды (фоторепортаж)

23-сентябрда Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча өлкө кубогунун финалы өттү. Кызуу беттештин жыйынтыгында бишкектик "Дордой" командасы Оштун "Алай" командасын жеңип, өлкө кубогунун чемпиону аталды.

Беттеш "Дордойдун" футболчуларынын бир нече кооптуу чабуулу менен башталды. Анда Бекжан Сагынбаев бир нече жолу "Алайдын" дарбазасына сокку жасап, бирок таамай боло алган жок. 2-таймдын жыйынтыгында эки команда тең гол киргизе алган жок. Оюн экстратаймга узарганы менен атаандаштар жеңүүчүнү аныктай алган жок. Жыйынтыгында беттеш пенальтилер сериясына чейин узарды.

Анда "Дордой" командасынан Александр Мищенко, Арген Жуматаев, Даниэл Тэго, Зарифу Сулеймана гол киргизсе, "Алай" командасынан Алиа Силла, Максат Алимов жана Улугбек Рыскулов гол киргизди. Жыйынтыгында 4:3 эсеби менен "Дордой" Кыргыз өлкөсүнүн кубогун 9-ирет жеңип алды.

Маалымдай кетсек, аталган мелдеш 1992-жылдан бери өткөрүлүп келет. "Дордой" командасы 2004, 2005, 2006, 2008, 2010, 2012, 2014, 2016, 2017-жылдары жеңишке жетти. Ал эми "Алай" бир канча ирет финалга чыкканы менен, жеңишке бир гана жолу (2013-жыл) жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zevs
2017-09-24 02:08:48
aytyp reklama berip koysonor bizda baryp kyrgyz futbolunun osuwuno salym kowup koysok jok degende koruuchu bolup
+3
admin_superstan
2017-09-25 10:47:04
zevs, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
tawbawat
2017-09-24 03:25:02
кубок стеклянная?
0
Komrad
2017-09-24 06:49:01
Кыргыздар аз го составда
0
Motorola-Samsung
2017-09-24 07:00:44
Мейли эми эмне дейбиз, куттуктайбыз! Алайга ийгилик зато быйыл Супер Кубок Кыргызстан, ТОП-Лига биздики!
+4
Dembele84
2017-09-24 11:25:43
Алай Ош чемпион!!!
+2
FCBMESSI
2017-09-26 08:27:21
Нейтральный стадиондо откоруу керек болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан