Буга чейин жеке жашоосу тууралуу кеп козгоону көп жактыра бербеген казак ырчысы Төрегали Төреали жакында заманбап үйлөнүү тоюн өткөрөт. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ырчы 2014-жылы эл көзүнөн жашыруун үйлөнүп, 2 балалуу болгон. Бирок ал кезде чоң той берүүгө шарты жок болгондуктан заманбап тойду кийинкиге калтырышкан.
"Жубайымдын ак көйнөк кийбей калганы үчүн бир эмес, бир нече ирет капаланганын көргөм. Андыктан, сөзүмө турбаган эркек болуп калбайын деп анын кыялын орундатуу алдында турам", - деген ырчы басылмалардын бирине берген маегинде.
Белгилүү болгондой, той ушул жылдын октябрь айында болот.