Бишкекте башка улуттагы жигит менен бараткан кызды чаап жиберген адамга кылмыш иши козголду. Ал чет өлкөнүн жараны экендиги белгилүү болду

Бишкекте башка улуттагы жигит менен бараткан кызды чаап жиберген кыргыз балага 234-бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 24-сентябрда ИИМдин басма сөз катчысы Эрнист Осмонбаев кабарлады.

Ал эми кызды чаап жиберген жигит чет өлкөнүн жараны экендиги белгилүү болду. "Ал бала Кыргыздын да, Орусиянын да жараны эмес, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны болуп чыкты. Кайсы өлкөнүн жараны экендиги кийин айтылат. Бирок ал көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө жашап келген", - деди Осмонбаев.

Айта кетсек, буга чейин Бишкектеги "Ош базарынын" аймагында 1988-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран 1989-жылы туулган кызды "башка улуттагы жигит менен жүрөсүң" деп бетке чаап жибергени боюнча видео интернетке тараган. Маалым болгондой, окуя 11-сентябрда болгон. Видеодо бир жигит менен бир канча аялдын урушуп жатканын көрүүгө болот. Жигит "Кыргыз кыздар башка улуттун балдары менен жүрбөш керек" десе, аялдардын "өзү билет ким менен жүрүштү, сен аны эмнеге урасың" дегени угулат.



Кыргыз кызын оогандык менен жүргөнү үчүн чаап салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан