Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында стритбол боюнча Кыргыз курама командасы жарым финалга өттү.
Стритбол боюнча Кыргыз курама командасы тайпалык баскычта Монголияга 13:22 эсебинде жеңилип, Непал курамасын 19:15 жана Өзбекстан курамасын 21:18 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалда Кыргыз спортчулар Таиланд курамасына туш келген. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз курама командасы 13:12 эсебинде жеңишке жеткен.
Маалымдама: Стритбол (көчө баскетболу) - баскетболго караганда оюнчулардын саны аз (3 эле оюнчу) жана аянт эки эсеге кичинекей (баскетбол аянтынын жарымы).
Эми финалга өтүү үчүн беттеште Кыргыз курамасы Ирак командасы менен ойнойт. Бул беттештин жеңүүчүсү финалга өтсө, жеңилген команда коло медалдар үчүн күч сынашат.
Учурда Азия оюндарында Кыргыз өлкөсү 41 медаль менен 10-орунда келе жатат. Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 6 алтын, 13 күмүш жана 22 коло медалдар бар.