Жылдыздардын эс алуу күндөрү кандай өттү: 23-24-сентябрь

Бир кездеги диктор, учурдагы социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова Италияга иш сапары менен барып, аны эс алуу менен айкалыштырды көрүнөт. Ал эми ырчы Анжелика Алматыда эс алып келсе, шоу-бизнестин айрым жылдыздары үгүт иштери менен алектеништи.

Лунара Мамытова өз баракчаларына Италиянын кызыктуу жерлеринен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.

Анжелика Бекболиева Казакстандын Алматы шаарында өткөн рок ырчысы Наргиз Закированын концертине барып, чер жазып келди.

Ал эми ырчы Асема дем алыш күндөрүн балдарына арнап, аларды эс алуучу жайга алып барып, ойнотуп келгенин маалымдады.

"Тамашоучу" Эмил Эсеналиев Ысык-Көлгө барып, белгилүү ырчынын клибине тартылып келди.

Ал эми шоумен Кубат Кубанычбеков менен ырчы Гүлзат Байзакова тойлордо кызмат кылып жүрүштү.

Ырчы Бегимай Бекбоева бир кезде шоу-бизнестен өз ордун таап, кийин сахнадан алыстай түшкөн Мээри Шакулина жана анын балдары менен бирге убакыт өткөрдү.

"Нон-стоп" дуэтинин ырчысы Чолпон Талипбекованы туулган күнү менен куттуктаган күйөрмандарынын аягы суюла элек. Ырчы куттуктагандарга ыраазычылык билдирип, алардын ар бир жазган билдирүүсүн окуп чыкканын айтты.

Ал эми модель жана "Супер сулуу 2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева эс алуу күндөрүн Бали аралында өткөрүп жаткан сүрөттөрү менен бөлүштү.

Ырчылар Ильяз Абдыразаков, Мирбек Атабеков, Нурмат Садыров, Урмат Усенов жана Курал Чокоев дем алыш күндөрүн үгүт иштерине арнап, Кыргыз жерин түрө кыдырып концерт коюу менен алектеништи.

Ал эми Нурлан Насип, Алмаз Шаадаев, Дайыр Исмадияров жана башкалар ырчы Данияр Эрматовдун шеринесинде конок болуп, эс алуу күнүн жыйынтыкташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Rajab
2017-09-25 08:48:14
Курал Чокоев ковбой мачо го:):)
+4
Kanat.tls
2017-09-25 09:13:44
Нурлан Насип деле үгүт иштеринде жүрдү
+4
Karban86
2017-09-25 09:52:14
Менда талаада чоп жыйнап айыл жумуштарын аткарып эс алып келдим
+10
aikokul14
2017-09-25 10:11:08
Аялдардын эс алуусундай эч ким эс албайт,үй жыйып,кир жууп,төшөктөрдү күнгө жайып,короолорду шыпырып,бир казанда тамак асылуу,бирөөндө салат кайнап жатат,кечинде конок келет деп аны күтмөй,жаныбыз темирден го ээ аялдар.
+10
Isco23
2017-09-25 10:40:19
aikokul14,биз не жатат экенбизби бутту асып коюп,ошого от жагып суу ташып картошка пияз аарчыган ким
+4
zamirbekorozalimovkg
2017-09-25 12:23:03
aikokul14,ии жаным десе чарчадынбы ес алда ден соолука зыйанго озунду кыйнабада
+4
Eleko
2017-09-25 10:32:04
Курал Чокоев качан озунун стилин табат экен.Бир туруп клоун болот,анан эле шляпачан чыга калат,тооба,эркек эркектей болсо зынкыйып
+6
Kanat.tls
2017-09-25 11:24:50
Как Атабеков да?
+1
Kanat.tls
2017-09-25 11:25:38
У нас есть Атабеков ХХХХ Москва дегендей
+1
zamirbekorozalimovkg
2017-09-25 12:21:00
Менда ес алып келдим сооронбаев келип нурлан насип кыз бурак сиезбек ырыскелди сайкал гулзада алар ырдаса мен бийлеп . Мына ес алуу деп ошону айткыла
-4
Rasul94
2017-09-25 15:56:03
жашоо жылдыздардыкы болуп атат
0
Shef87
2017-09-25 22:41:59
Лампочкаларбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан